01.08.2019 10:05

Атамбаевдин жактоочусу: ИИМ Батукаевдин иши боюнча тергөөгө керектүү маалыматты мыйзам чегинде алууга аракети жоктой

Атамбаевдин жактоочусу: ИИМ Батукаевдин иши боюнча тергөөгө керектүү маалыматты мыйзам чегинде алууга аракети жоктой

ИИМ Батукаевдин иши боюнча тергөөгө керектүү маалыматты мыйзам чегинде алууга аракети жок экенин көрсөтүп жатат. Бул туурасында мурунку өлкө башчынын өкүлү Сергей Слесарев билдирди. 

Анын айтымында, 30-июль күнү адвокат ИИМдин тергөө кызматынын жооптуу адамдары менен жолугуп, Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш учурунда жаралган суроолорду өзү аркылуу Атамбаевге берип жиберүүнү сунуштаган. Анда экс-президент суроолорго жооп берип, тергөөдөгү купуялуулукту эске алуу менен ЖМКларга жарыялабай туруп, ИИМге берип жиберери айтылган. Бирок кечээ, 31-июлда ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси сунуштан баш тарткан.  

«Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин ИИМдин аны Батукаевдин иши боюнча күбө катары суракка чакырып жатканына кандай ойдо экени коомчулукка белгилүү- бийлик укук талаасында иш алып барышы керек. 

КР экс-президенти кол тийбестикке ээ. Аны президент кызматында турганда кылган иш-аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармап кетүүгө, камоого, тинтүүгө, суракка, же өзүн текшерүүгө алуу болбойт («Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президент макамы тууралуу» Мыйзамынын 12-беренеси). 

Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июнундагы Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу токтому Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу үчүн негиз болуп бере албайт. 

Ички иштер министрлиги Атамбаевдин экс-президент катары иммунитети (кол тийбестиги) турганда ага карата сотко чейинки өндүрүштө кандайдыр-бир чечим кабыл алууга укугу жок.  

Атамбаев өз ыктыяры менен ИИМдин суроолоруна жооп берүүнү сунуштап жатканда, мен экс-президенттин өкүлү катары түзүлгөн абалдан чыгуунун мыйзамдуу жолун табууга дагы бир жолу аракет кылдым. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын бузулуп жатканына көз жумуп коюуга укугу жок. Бирок тергөөгө жардам берүүгө аракет кылууда. 

Мен ИИМ тергөөчүлөрүнө биздин сунушту кайра карап чыгууну сунуштайм. Анткени, баш тартуу менен алар ИИМдин Батукаевдин иши боюнча тергөөгө керектүү маалыматты КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында алууга аракети жок экенин көрсөтүп жатышат», -деп билдирет экс-президенттин жактоочусу Слесарев.